Казакстан ЖККУ-нун Парламенттик ассамблеясына туруктуу
макам берүү боюнча орус тараптын сунушун колдойт. Бул тууралуу Касым-Жомарт
Токаев уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламент палаталарынын төрагалары менен
жолугушууда билдирди. Президент аталган түзүмдүн парламенттер аралык диалогу
мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо маанилүү роль ойноорун белгиледи. ЖККУ-нун
жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгынын деңгээли дайыма
жогору болушу керек. Мамлекет башчы муну дагы бир маанилүү приоритет деп атады.
Буга кошумча, коопсуздукту камсыз кылууга багытталган эл аралык уюмдар жана
түзүмдөр менен кызматташууну бекемдөөгө токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-БУУ, КМШ жана ШКУ-нун тармактык түзүмдөрү менен
кызматташууну кеңейтүү абдан маанилүү деп эсептейбиз. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн
айында ЖККУ-нун катчылыгы менен КМШ-нын терроризмге каршы күрөшүү борборунун
ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Азыркы кезде эл аралык кырдаал абдан курч болуп
жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Жакынкы Чыгыштагы абал өгөчө кооптуу.
Жүздөгөн адамдар курман болуп, миллиондон ашык карапайым калк оор абалда калды.
Президент көптөн бери келе жаткан жаңжалды чечүү жолун атады. Ал «эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын
негизинде борбору Чыгыш Иерусалим деп белгилеп, Палестина мамлекетин түзүү. Жыйында
Касым-Жомарт Токаев Ооганстандагы кырдаалга да токтолду. Президенттин
айтымында, азыркы мезгилдин стратегиялык милдеттеринин бири Ооганстанды - аймактар
аралык мамилелерге жигердүү тартуу болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Казакстан Талибан режимин террордук уюмдардын тизмесинен
чыгарды. Анткени азыркы Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты
өнүктүрүү маанилүү жана азыркы режим узак мөөнөттүү фактор болот деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков