Казакстан газ химиясы жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөп жатат. Бул максатта өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов Air Products компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Тараптар өнөр жайлык кызматташтыкты өнүктүрүү, алдыңкы технологияларды киргизүү жана газ химиясы жаатында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бүгүнкү күндө Air Products газ тармагында дүйнөлүк лидерге айланды. Компания дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө ийгиликтүү иштеп келет. Казакстан менен кызматташууну кеңейтүүгө жана экономиканын негизги тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиги билдирилди. Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Олжас Бектенов жооптуу адамдарга биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

