Казакстанга мамлекеттик сапар менен Орусиянын Президенти келди

Казакстанга мамлекеттик сапар менен Орусиянын Президенти келди

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кечээ күнү Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Борбор калаанын аэропортунда жогорку даражалуу конокту мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Мамлекеттик чек арадан өткөндөн баштап Астана аэропортуна конгонго чейин Орусиянын Президентинин учагын Республиканын Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учактары коштоп жүрдү. Президенттик учактын жанында Ардактуу кароол ротасы тизилген. Владимир Путинди жана расмий делегациянын мүчөлөрүн эки өлкөнүн желектерин кармаган балдар жана барабанчы кыздар тосуп алышты. Андан соң учуу тилкесинин үстүнөн Орусиянын жана Казакстандын желектери илинген тик учактар учуп өттү. Аэропорттун терминалында домбрачылар жана эл аралык сынактардын лауреаты Радмир Хайбуллин орусиялык лидер үчүн Курмангазынын күүлөрүнөн жана орус музыкалык чыгармаларынан попурри ойноп беришти.


Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Казакстан менен Орусиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин учурдагы абалы жана бекемдөө келечеги талкууланат. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Евразия экономикалык форуму өтөт. Ал эми бугу айынын 29да Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков