Казакстанга Чехиядан Пржевальский жылкысы алынып келинди

Пржевальский жылкылары тарыхый мекенине — казак талаасына кайтып келди. Эки кылымдан бери тукум курут деп эсептелген бул породадагы 7 баш Чехиядан атайын алынып келинди. Бул эки өлкөнүн айра интродукциялоо боюнча, тагыраагы Пржевальский жылкысын жаратылышка чыгаруу долбоору. Аргымактар алгач Костанай облусуна жеткирилди. Аларды атайын аскердик транспорттук учак алып келди. Бүгүнкү күндө алар жергиликтүү климаттык шарттарга көнүп жатышат. Жалпысынан эл аралык келишимдин негизинде 40ка жакын жылкы Казакстанга алынып келинет. Адистер алардын пародасын тарыхый мекенине жайылтууну көздөп жатышат. 

Ерлан Нысанбаев, Экология жана жаратылыш ресурстар министри: 

- Жалпысынан, жылкынын бул түрү келгенден кийин чоң бир программа жасап, жергиликтүү аткаруучу органдар, туризм министрлиги менен бардыгыбыз андан ары өнүктүрөбүз.  Мен жеке өзүм бул аймакта аталган жылкы пародасына коомчулук күбө болоруна, ошондой эле бул аймактын өнүгүшүнө өз таасирин тийгизет деп ишенем. Анткени ал келгенден бери аймакта экологиялык туризмдин өзү өнүгө баштады. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков