Сенаттын депутаттары Казакстан Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө мыйзамды кабыл алышты. Документ судьялардын статусун, ошондой эле алардын кепилдиктерин жана конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибин аныктайт. Мыйзамдык жаңычылдыктарга ылайык, Конституциялык сот бийликтин сот бутагына кирбейт. Негизги Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуучу, анын статусун аныктоочу орган болот. Жалпысынан, Сенат белгилегендей, мыйзам долбоору Конституциялык Мыйзамдын судьяларын дайындоонун да, ыйгарым укуктарын токтотуунун да тартибине байланышкан маселелерди жөнгө салат. Алардын көз карандысыздыгы жана кол тийбестиги да документ менен бекитилген. Арыздарды кароонун компетенциялары, түрлөрү жана тартиби такталды. Депутаттардын айтымында, мыйзам долбоору мамлекет башчы тарабынан демилгеленген конституциялык реформаларды ишке ашырууга багытталган.
Андрей Лукин, Казакстандын Парламентинин Сенатынын депутаты:
Конституциялык Мыйзамдын долбоору Конституциялык сотту түзүүгө жана анын ишине, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн ишке ашырууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат. Конституциялык Мыйзамдын кабыл алынышы укуктук системанын Конституцияга ылайык өнүгүшүнө, жарандардын конституциялык укуктарынын тутумун жана өлкөдө мыйзамдуулукту коргоонун кепилдиктерин бекемдөөгө, калктын мамлекеттик институттарга ишенимин жогорулатууга көмөктөшөт.
Канат Мусин, Казакстандын юстиция министри:
Жалпысынан Конституциялык мыйзам долбоору үч бөлүм, 10 глава жана 67 беренеден турат. Негизинен долбоорду эки бөлүккө бөлүүгө болот: биринчи бөлүктө Конституциялык соттун, анын судьяларынын статусу, алардын кепилдиктери жана жоболору, экинчи бөлүгү конституциялык сот өндүрүшүнүн тартиби.
Которгон:Илгиз Жамалбеков