Казак хандары тууралуу комикс жарыкка чыкты

Астанада «Керей менен Жаныбек» комиксинин бет ачары болду. Чыгарманын автору жаш калемгер - Ильяс Юсупжанов. Автордун айтымында, белгилүү тарыхый инсандар тууралуу комикстер жаштар арасында мурда болуп көрбөгөндөй атактуулукка ээ. Андыктан жаш жазуучу жаңы долбоорду өлкөнүн ар кайсы шаарларында тааныштырууну чечкен. Анын айтымында, комикс тарыхый окуяларды оңой эске сактоого, муну менен катар, мындай жанр балдарды татаал адабий чыгармаларды окууга даярдоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Түрдүү, түстүү сүрөттөр менен тартылган эмгек азырынча казак жана орус тилдеринде 4000 нускада жарык көрдү.

Ильяс Юсупжанов, жазуучу:

- Долбоордун максаттары тууралуу айта турган болсок, биринчи кезекте жаштар арасында Казакстандын тарыхы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу. Мен өзүм тарыхты окуганда кыйынчылыктарды билем, ошондуктан өзүмдүн башыман өткөрдүм десем жаңылышпайм. Экинчиден, иллюстратор, дизайнер сыяктуу заманбап адистерге колдоо көрсөтүү. Себеби алар көбүнчө чет өлкөлөрдө суроо-талапка ээ. Мен аларга болгон суроо-талапты өлкөбүздө арттыргым келет. Дагы бир айта кетчү жагдай, ал – балдар  адабиятынын өлкөдө өнүгүшү. Бул жаңы багытка түрткү берүү. Бул биздин ишибиздин негизги принциптери.

Автор өз чыгармаларын жазуудан мурда жазуучу, тарыхчы, окумуштуулар менен биргеликте иштешкен. Комикске Жочи улусун изилдөө боюнча илимий институттун мүдүрү Жаксылык Сабитов өзүнүн жогорку баасын берди.

Жаксылык Сабитов, Жочи улусун изилдөө илимий институтунун мүдүрү:

- Керей менен Жаныбек хандардын комикси тууралуу угуп, таанышуу үчүн атайын келдим. Эми бул чыгармачыл топ казак тарыхынын башка мезгилдеринде дагы улана беришин каалайм. Балким башка түрк тилдүү мамлекеттердин тажрыйбасын пайдаланууга да болот. Окумуштуулар Жочи хан тууралуу 400 беттен турган чоң китеп жазышты. Бирок аны карапайым эл окубайт. Окушу да күмөн. Анткени түшүнүү үчүн тарыхтан кабардар болуш керек. Ошондуктан Казакстандын тарыхы тууралуу комикстердин мааниси чоң.

Мындан тышкары, Ильяс Юсупжанов алдыдагы убакытта Керей менен Жаныбек хандардан кийин Казак хандыгын башкарган Бурындык менен Касым хандар тууралуу жана хронология боюнча бардык казак хандары тууралуу чыгарма жазууну мерчемдеп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков