Жүктөрдү көзөмөлдөө оңой болот – ЕАЭБде жаңы келишим түзүлдү

Жүктөрдү көзөмөлдөө оңой болот – ЕАЭБде жаңы келишим түзүлдү

Жүк жеткирүүлөрдү көзөмөлдөө жеңилдейт. ЕАЭБ өлкөлөрү дээрлик эки жылдык талкуудан кийин жаңы келишимге жетишти. Кеп навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө болуп жатат. Адистердин айтымында, бул Европадан Кытайга товар экспорттоого жана кайтып келе жаткан жолдо тоскоолдуксуз жүрүүгө мүмкүндүк берет. Эми айдоочулар бюрократиялардан жана иш кагаздарынан арыла алышат, дейт ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов. Анын айтымында, мындан ары баары санарип форматында жүргүзүлөт. Келишимге кол коюлгандан кийин, улуттук системалар өнөктөш мамлекеттердин ичиндеги бардык транзиттер боюнча реалдуу убакыт режиминде маалыматтар менен алмашып башташат.

Олег Панкратов, ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри:

- Бизнес үчүн пайдасы биринчи кезекте ар кандай административдик тоскоолдуктарды жана санариптик форматта иштөө мүмкүнчүлүгүн минималдаштыруу жолу менен жүктөрдү ташууга кеткен чыгымдарды азайтуу. Ошол эле учурда, биздин казак кесиптештерибиз бул аксиома келишимдин преамбуласында так жазылышын талап кылышкандыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Анткени биз казак кесиптештерибиздин пикирин угуп, келишимге жетиштик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков