Казакстандын тарыхында биринчи жолу тогуз коргоол боюнча окуучулар арасында дүйнө чемпионаты өтөт. Мелдешке 20 өлкөдөн катышуучулар аяк оона айында Алматыда жыйналат. Алардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Румыния, Венгрия, Испания, Польша, Моңголия, Орусия, Латвия, Чехия бар. Казактын улуттук оюну боюнча мелдеште рапид жана блиц түрлөрү боюнча мыктылар аныкталат.
Мейрамгазы
Сапаргалиев, спорт жана дене тарбия иштери комитетинин басма сөз катчысы:
-Канадалык iggamecenter.com жана польшалык playok.com сыяктуу эл аралык интеллектуалдык оюн порталында тогуз коргоол эң көп ойнолуучу оюндардын катарына кирет. Ата мекендик IT адистери Android жана iOS системалары үчүн атайын тиркемелерди иштеп чыгышкан. Азыр Колумбия, Германия, Франция, Улуу Британия, Чехия, Латвия, Литва, Бангладеш сыяктуу 30дан ашык мамлекет тогуз коргоол ойноо менен үзгүлтүксүз алектенет.
Жыл сайын республикада эл аралык деңгээлден баштап, айыл жергесинде да
оюндун бул түрү боюнча миңден ашуун мелдештер өткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин 6
дүйнөлүк, Азия жана 4 ирет Европа чемпионаттары уюштурулган. Казакстанда шахмат
спортунун бул түрү менен 200 миңден ашык адам алектенет. Келечекте
интеллектуалдык оюнду мектеп программасына киргизүү пландалууда. Тогуз коргоол
– казак элинин дүйнөлүк маданий мурастарга кошкон салымынын жаркын мисалы десек
болот.
Мейрамгазы
Сапаргалиев, спорт жана дене тарбия иштери комитетинин басма сөз катчысы:
-Мамлекет башчы дене тарбияны, массалык спортту, анын ичинде улуттук оюндарды өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда. Мындай масштабдуу иш-чараны өткөрүү улуттук оюндун популярдуулугун арттырып, өсүп келе жаткан муунга сергек жашоонун, спорттун маанилүүлүгүн үйрөтөт.
Эскерте кетсек, 2006-жылдан бери тогуз коргоол дүйнөлүк
интеллектуалдык оюндардын программасына киргизилген. Эки жылдан кийин Бүткүл
дүйнөлүк федерация түзүлдү. Ал эми 2020-жылы казактын улуттук оюну ЮНЕСКОнун
чечими менен адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков