Өлкөдө автоунаа жолдорунун иштөө мөөнөтү бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн.
Мунун бир жолу - жол курулушуна геотекстильдик технологияны киргизүү. Ата
мекендик "жол изилдөө институтунун" окумуштуулары транспортту коопсуз
жана сапаттуу кылуу үчүн бул материалды колдонууга кеңеш беришет. Ал жаңы
трассанын бетинин эң төмөнкү катмарына төшөлөт. Заманбап ыкманын аркасында жер
астындагы суулардын топтолуп, пайдубалын жууп салууга жол берилбейт. Негизгиси
материал чирибейт, химиялык заттарга туруктуу, табияттын ар кандай мезгилине ылайыкташкан.
Жогорку жана төмөнкү температуранын таасири астында өзүнүн касиетин жоготпойт.
Геотекстиль жолду тешиктен коргойт. Башкача айтканда, жолдун сапатын
жогорулатып, тротуардын узак мөөнөткө туруктуу абалын камсыздайт. Бул
технология автоунаа жолдорун курууга кеткен чыгымдарды бир топ кыскартат. Анын
аркасында шагыл, кум алда канча аз колдонулат. Учурда Канаев-Курта унаа жолунун
эксперименталдык бөлүгүнө жаңы методика боюнча асфальт төшөлүүдө. Адистердин
айтымында, көздөгөн максатка жетүү үчүн биринчи кезекте технологиялык процессти
толук сактап, пландан тайбай туруу керек.
Галия Асанова, «Казжол» ГЗИ АК лабороториясынын башчысы:
Белгилүү бир температура сакталбаса же туура бастырылбаса, сапаты начарлайт. Бул жараяндардын бардыгы өз убагында техникалык көзөмөл кызматтары тарабынан бааланышы керек. Ал эми кардарлардын өкүлдөрү курулушка башынан аягына чейин катышышы зарыл. Ошондо жолдорубуздун сапаты жакшырат. Анан канча жерден жакшы, сапаттуу өнүм чыгарсак да, туура пайдаланылбаса, сапаты өзүнөн өзү начарлап кетет.
Бул тармакка байланыштуу казак окумуштууларынын жалгыз изилдөөсү эмес. Азыр институттун адистери жолду асфальттоодо күкүрттү колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышат. Алардын айтымында, бул химиялык элементтин жардамы менен өзгөчө өлкөнүн батыш аймактарында сапаттуу жолдорду куруу маселесин чечүүгө болот. Окумуштуулар күкүрттөн шагылды иштеп чыгышты. Ал жөнөкөй материалдардан бир нече эсе күчтүү болуп чыкты. Деңиз кабыктары менен күкүрттүн өз ара аракети ушундай өзгөчө натыйжа берген. Жаңы кошулма автожолдордун бузулушун жайлатат. Ата мекендик адистердин дагы бир ойлоп табуусу – нано-аралаш битум. Көмүртек порошок материалдын байлоо жөндөмүн бекемдейт жана анын сапатын жакшыртат. Казакстандын жол илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрүнүн айтымында, мындай заманбап өнүмдөр кескин континенталдык климаты бар өлкөнүн жол курулуш тармагын жакшыртууга негиз болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков