1
триллион теңгеден ашык мыйзамсыз активдерди коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги
2022-жылдан бери өлкөгө кайтарып берди. Анын үстүнө алардын дээрлик жарымы
өткөн жылы. Бул тууралуу Анти коррупциялык кызматтын башчысы Асхат Жумагали
Казакстандын Президентине билдирди. Ошондой эле агенттик мамлекеттик сатып
алууларга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында 87 миллиард теңгеден ашык
каражатты сарамжалсыз пайдалануунун алдын алды. Мындан тышкары, Антикор
өлкөдөгү маанилүү инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, анын ичинде
жол тармагындагы долбоорлорду коштоп жүрөт. Агенттик чет мамлекеттердеги
кесиптештери менен жигердүү кызматташууда, ошондуктан Азербайжан, Орусия,
Гонконг, Иордания жана Катар менен меморандумдарга кол коюлду. Мындан тышкары,
экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Коррупция менен күрөшүү
боюнча мамлекеттердин тобунун сунуштары Антикор тарабынан ишке ашырылат.
Натыйжада эл аралык алдыңкы тажрыйбаны ишке ашыруу боюнча 2 мыйзам долбоору
Мажилиске киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

