Санариптик технологияларды киргизүү ИДӨдүн
жылдык өсүшүн 2-3% камсыз кылат. Негизи өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жасалма
интеллекттин деңгээлине жараша болот. Бул тууралуу Казакстандын
премьер-министри КМШдагы инновациялар тармагындагы эң ири эл аралык форумдардын
бири Digital Almaty форумунда билдирди. Иш-чарага Азербайжандын, Беларустун,
Орусиянын, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Ирандын Биринчи вице-президенти,
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын
жетекчиси, Армениянын вице-премьер-министри, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы,
ошондой эле эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Аянтчада
инновациялык AIнын экономикага, өнөр жай экосистемасына, медицинага, билимге
жана башка да тармактарга интеграциясы менен инновациялык өнүгүү дарамети
талкууланды.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
- Мамлекет
башчысы Касым-Жомарт Токаев Аlem.AI эл аралык жасалма интеллект борборунун
базасында компетенциялардын экосистемасын түзүүнү демилгелеген. Ал быйыл
Астанада ачылат. Бул биргелешип чечимдерди иштеп чыгуу үчүн алдыңкы жумушчу
компанияларды, илимий лабораторияларды, стартаптарды жана билим берүү
программаларын бир аянтчада бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Биз Alem.АІ борборунун базасында Жасалма интеллект жаатында биргелешкен
долбоорлорду иштеп чыгууда биримдик боюнча өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү
зарылдыгына көңүл бургубуз келет.
Олжас Бектеновдун айтымында, жасалма интеллект
технологиясын өнүктүрүүдө кадр маселеси маанилүү роль ойнойт. Казакстан айти тармагында беш жыл аралыгында миллионго жакын адисти
окутуу максатын көздөйт. Форумдун алкагында көргөзмө
уюштурулуп, анда AI тармагындагы стартаптар жана чет элдик, ошондой эле ата
мекендик долбоорлор сунушталды. Алардын бири интеллектуалдык байкоо системасы.
Вячеслав Пак, «Cerebro Innovation Technologies» башкы мүдүрү:
- Негизги артыкчылыгы-бул жүздү таануу, видеобайкоо системалары тармагында
унааны таануу, ошондой эле кырдаалдык серепчилер сыяктуу орнотулган видео
талдоо модулдары бар заманбап чечим болуп саналат. Бул чыныгы жасалма
интеллектти өнүктүрүүнүн бир бөлүгү, анткени биздин бардык видео анализ
модулдарыбыз нейрон тармактарын окутууда жасалма интеллект технологияларына
негизделген. Биздин программалык камсыздоонун өзү түздөн-түз коомдук тартипти
үйрөтүү, бул укук бузуучулар менен кылмышкерлерди аныктоо, дайынсыз жоголгондорду
издөө. Бул коомдук укук тартипке байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

