Казакстандын жаңы Конституциясынын күчүнө киришин
европалык серепчилер оң баалашууда. Diplomatic World басылмасынын ага редактору
Альберто Тюркстра Баш мыйзам өлкөдө жүргүзүлүп жаткан терең саясий жана
институционалдык жаңылануунун көрүнүшү деп эсептейт. Анын айтымында, реформалар
мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, саясий атаандаштыкты жана саясий
партиялардын ролун бекемдөөгө багытталган. Жаңы Конституцияда илимди, билим берүүнү
жана инновацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Серепчинин пикиринде, дал
ушул тармактар туруктуу өнүгүүнүн негизин түзүп, адамдык капиталды жана
жаштардын дараметин арттырат.
Альберто Түркстра, Diplomatic World басылмасынын
долбоорлор боюнча
мүдүрү:
- Бир палаталуу парламент саясий тутумду ого бетер ийкемдүү кылат жана жарандардын талаптарына ылайыктуу жооп берет. Бул акыркы он жылдагы өзгөрүүлөрдүн - жаңы коомдун жаңы экономикалык моделдин натыйжасы. Ошондой эле, реформалар инвесторлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин арттырат. Бул туруктуулуктун, божомолдуулуктун, Европа жана башка эл аралык өнөктөштөр менен байланышты бекемдөөнүн шарты болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

