Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабия королдугунун тышкы иштер министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабия королдугунун тышкы иштер министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабия королдугунун тышкы иштер министрин кабыл алды. Фейсал бен Фархан Аль Сауд Казакстанга расмий сапар менен келди. Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты. Президент Сауд Арабиясы Казакстандын араб жана ислам дүйнөсүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Мындан тышкары, президент өлкөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду. Касым-Жомарт Токаев өкмөттөр аралык комиссиянын жана өлкөнүн ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Сауд Арабиянын тышкы иштер министри эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Казакстанды референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биздин өлкөлөр достук жана өз ара ишеним рухунда  жалпы баалуулуктарга негизделген саясий диалогду ырааттуу түрдө өнүктүрө беришет. Эки падышалыктын коргоочусу Король Салман бин Абдель Азиз жана тактынын мураскери Мухаммад бин Салман менен ийгиликтүү кызматташуубузду улантууга даяр экенибизди билдиргим келет.

Фейсал Бен Фархан Аль Сауд, Сауд Арабия Королдугунун тышкы иштер министри:

- Сауд Арабия Королдугу сиздин жетекчилигиңиз астында экинчи республиканы түзүү жана Казакстанды мындан ары өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформаларды ишке ашырууда ийгиликтерди каалайт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков