Казакстан Палестинага гуманитардык жүк жөнөттү

Казакстан Палестинага гуманитардык жүк жөнөттү

Казакстан Палестина элине кошумча гуманитардык жардам жөнөттү. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, атайын борт менен 38 тоннадан ашык жүк жеткирилди. Алардын арасында азык-түлүк, төшөк буюм-тайымдары, дары-дармек жана медициналык буюмдар бар. Ошондой эле, Казакстандын жүк учагы Газа секторунан эвакуацияланган өлкөнүн 28 жаранын алып кетти. Республиканын Египеттеги элчилигинин өкүлүнүн айтымында, ал жакта дагы 10 адам калды. Алар казак жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Белгилей кетсек, буга чейин биринчи топ ушундай эле жол менен ийгиликтүү эвакуацияланган. Анда 100гө жакын киши алып келинген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков