Бурса түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Эске сала кетсек, бул тууралуу Өзбекстандын Хива шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 38-отурумунда маалымдалган эле. Ошондон бери маданий борбордо бир катар фестивалдар, конференциялар өткөрүлдү. Маданий борбордун расмий ачылышы кечээ Түркиянын Бурса шаарында ТҮРКСОЙдун эки жумалык Нооруз майрамынын алкагында өттү. Эл аралык уюмдун экс-баш катчысы Дүйсен Касеиновдун айтымында, белгилүү бир жерди маданий борбор деп таануу тарыхый шаарларды кайра жандантууга, алардын дүйнөгө башкача өңүттө таанылышына шарт түзөт.
Дүйсен Касейинов, эл аралык «ТҮРКСОЙ» уюмунун экс-баш катчысы:
- Европада «Европанын маданий борбору» деген аталыш берилгенине 40 жыл убакыт болду. Биз 2012-жылы баштаганбыз. Ар кандай категориядагы адамдар, билим берүү, жаштар, түрдүү искусство топтору, ошондой эле Түркия дүйнөнүн маданий борбору деп жарыялангандан кийин келе турган фестивалдар үчүн мындан чоңураак жарнама барбы?! Канчалык кооз, бай болсо да бирок туристтер келбесе, бул шаарларды бири-бирине айтып, сунуштабаса эч ким тааныбайт.
Айта кетсек, ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору макамы 2012-жылы Казакстандын Астана шаарынан башталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков