Астанада юридикалык жактар үчүн КТБ ачылды

Астанада юридикалык жактар үчүн КТБ ачылды

Астанада Юридикалык жактарды тейлөө боюнча жаңы борбор иштеп жатат. “Жарандар үчүн өкмөт” мамлекеттик корпорациясынан билдиришкендей, долбоор пилоттук режимде ишке ашырылууда. Калкты тейлөө борбору эң акыркы жабдуулар менен жабдылган, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кардарлар керектүү маалыматтарды берүү менен документтердин топтомун түзүүгө жана андан аркы иш-аракеттерге жардам бере турган жеке менеджердин кызматынан пайдалана алышат. Белгилей кетсек, келерки жылы Казакстан боюнча юридикалык жактар ​​үчүн калкты тейлөө борборлорун ачуу пландалып жатат.

Нариман Дүйсекеев, коомчулук менен байланыш кызматынын аткаруучу мүдүрү:

- Буга чейин юридикалык жактар кадимки КТБда тейленишчү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жактар менен кезекте туруп алышчу. КТБнун ишин оптималдаштыруу жана жарандардын канааттануу деңгээлин жогорулатуу максатында Мамлекеттик корпорация юридикалык жактар ​​үчүн жаңы Калкты тейлөө борборун ачуу чечимин кабыл алды. Юридикалык жактар үчүн кызматташуунун эки түрү түзүлөт. Биринчиси, аларга кошумча кызматтар менен популярдуу кызматтарды алуу үчүн келишим түзүүнү билдирет. Ал эми экинчиси - жеке менеджердин кызматтары боюнча үч айга келишим түзүү, анын алкагында юридикалык жактар мамлекеттик кызматтардын бардык түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков