Казакстандын тынчтык күчтөрүнүн онунчу контингенти Ливанга жөнөп кетти. Алар миссиянын алдында кылдаттык менен тандалып алынган. Талапкерлер кесиптик, медициналык комиссиядан, моралдык-психологиялык туруктуулугун текшерүү үчүн тесттерден өтүштү. Ошондой эле, бейпилдик күчтөрүнүн чет тилин билүүлөрү эске алынды. Аскер кызматкерлери мурдагы курамды алмаштырат. Алар БУУнун миссиясынын курамында алты ай кызмат кылышат.
Еламан
Нүсипкожаев, тынчтык күчтөрү контингентинин сержанты:
- Ар кандай даярдыктардан
өттүк. Ошондуктан мен жана менин аскер бөлүгүм башка өлкөдө тынчтыкты сактоо
миссиясын аткарууда өзүбүздү абдан жогорку деңгээлде көрсөтө аларыбызга ишенем.
Жасулан
Есмамбетов, тынчтык күчтөр контингентинин командири:
- Тынчтыкты сактоо
боюнча машыгуулар БУУнун мандатына ылайык, кабыл алуучу өлкөдө жүргүзүлөт. Иш-чаралардын
өзгөчөлүктөрү менен биздин иш-аракеттерибизди камтыйт. Уюмдун миссиясынын
алкагында казакстандык контингент индиялык батальон менен биргеликте базаны
кайтарат. Жөө жана абадан коргоо иштерин жүргүзүп, Ливан элине гуманитардык
жардам жеткирүүгө көмөктөшөт.
Белгилей кетсек,
казакстандык аскер кызматкерлери дүйнө жүзү боюнча тынчтык орнотуу миссияларына
катышып келет. Алардын Ливанда ротацияланышы мындай маанилүү жараяндарга
катышуунун үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздайт. Бул тажрыйба Казакстанга
мындан ары да дүйнөдөгү коопсуздукту сактоого салым кошууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков