Жайкы каникул мезгили аяктады. Быйыл казакстандыктар ички эс алуу жайларын көбүрөөк тандашкан. Адистер өз кезегинде ички туризм экинчи жыл катары менен тез өнүгүп жатканын айтышат. Жайкы сезондун жыйынтыгы чыга элек болсо да талдоочулар жыл башындагы көрсөткүчтөрдү жарыялоодо. Маселен, биринчи квартал боюнча ата мекендик курортторго барган казакстандыктардын саны 120 пайызга өскөн. Бул өлкөнүн 1 миллиондон ашык жараны болуп саналат. Аталган мезгилде 26 миллиард теңгеге туристтик кызмат көрсөтүлдү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп. Ошондой эле, республикага келген чет элдик туристтердин саны да канааттандыраарлык көрсөткүч.
Ернур Кенжебеков, Kazakh tourism өкүлү:
- Бизде электрондук конок системасы бар. Анын жыйынтыгы боюнча үчтүн айынын 1нен бугу айынын 31не чейин, башкача айтканда жайкы сезондун башталышында өлкөбүзгө болжол менен 100-102 миң адам келген. Ал эми кулжа айынын 1нен баш оона айынын 20на чейин 125 миң адам келгенин көрүп жатабыз. Бирок бул көрсөткүч ушул системанын натыйжасы гана. Ал бардык тармактарды камтыбай, 30 пайызды гана көрсөтүп жатканын эске алышыбыз керек.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, туристтер үчүн эң популярдуу жерлер Алматы жана Алматы облусунун объектилери болуп саналат. Маселен, жарым жылдын ичинде облустун тоолуу жерлерине 350 миңден ашык адам келген. Бул эки эселенген өсүштү көрсөтөт. Алматыга алгачкы айларда 320 миңден көп жаран келген, анын бештен бир бөлүгү чет элдик саякатчылар. Адистердин айтымында, бул Жетисуу аймагы туристтер арасында өзгөчө популярдуу экенин көрсөтөт.
Ернур Кенжебеков, Kazakh tourism өкүлү:
- Бул жерде алыскы мамлекеттерди да айтсак болот. Мисалы, араб өлкөлөрү биздин Алматыга жана Алматы облусунун тоолуу аймактарына көп келишет. Ал эми пляждагы эс алууларды көбүнчө ата мекендик туристтер жана орусиялыктар тандашат. Быйыл жыл башында Ыйык Түркестанга көптөгөн туристтер келгенин көрүп жатабыз. Андан кийинки орунда Маңгыстау облусу турат, анткени бул аймак эски Каспийдин мекени. Ал эми алдыңкы төрттүктү борбор шаар менен Бурабай толуктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков