Казакстанда биокоопсуздук тест иштелип чыкты

Казакстандык дыйкандар өндүргөн өнүмдүн сапатын текшере алышат. Келерки жылы өлкөдө мал чийки затындагы антибиотиктерди жана ар кандай жугуштуу ооруларды аныктоочу ата мекендик тесттер пайда болот. Ветеринардык аппарат тесттин жыйынтыгын 10 мүнөттүн ичинде чыгарат. Бул борбордогу биологиялык коопсуздук боюнча Казакстан-Кытай лабораториясынын ойлоп табуусу. Уникалдуу буюмдун баасы чет элдик альтернативдик өнүмгө караганда арзан болгону менен, сапаты кем эмес, дейт лабораториянын жетекчиси Жанар Аканова. Казакстандык экспресс-тест кеңири өндүрүшкө киргизилгенден кийин бардык адистештирилген ветеринардык дүкөндөрдө жеткиликтүү болот.

Жанар Аканов, Биологиялык коопсуздук боюнча Казакстан-Кытай лабороториясынын башчысы:
- Тест системасы толугу менен даяр. Кийинки кадам аны текшерип көрүп, өндүрүш линиясына коюу болуп саналат. Башкача айтканда, биз коммерциялаштырабыз. Экспресс-тест жакшыртылып, жаңыртылат. Реагенттердин саны кыскарды. Сынакка керектүү нерселердин баары бир комплектте. Фермерлерге текшерүү үчүн малдын сүтү жана биологиялык суюктугу гана жетиштүү. Негизинен антибиотиктерге катыштуу көптөгөн көйгөйлөр бар. Бул коркунучту өз убагында аныктоо маанилүү. Ошол эле учурда, экспресс-тест колдонууга жараксыз өнүмдү рынокко чыгарбастан дароо жок кылууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, аталган лаборатория Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында бир нече жылдан бери иштеп келет. Анын Казакстанда аккредитациясы бар, эми Кытайдан тиелешүү уруксатты алуу максаты турат. Бул анын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана тамак-аш азыктарын экспорттоочу компаниялар менен иштешүүгө шарт түзөт.

Бауыржан Абызбаев, АЧМ ветеринардык көзөмөлдөө комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Учурда республиканын аймагында ветеринардык жана эпизоотиялык абал туруктуу. Учурда экспорттук товарлардын көлөмүн көбөйтүү маселеси боюнча Кытай тараптан эки топту күтүп жатабыз. Кытайдан адистер келгенде чектөөлөрдү чечүү маселесин комплекстүү талкуулап, республиканын аймагындагы бир катар ишканаларды көрсөтүп, биздин  ветеринардык системага аудит жүргүзүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбенков