Казакстанда биология боюнча эл аралык олимпиада өтөт

Казакстанда биология боюнча эл аралык олимпиада өтөт

Казакстанда биринчи жолу эл аралык биология олимпиадасы өтөт. Астана 2024-жылы 35-дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти уюштурат. Мындай чечимди эл аралык уюштуруу комитети кабыл алды. Бул өз кезегинде дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде өлкөнүн беделинин жогору экенинен кабар берет. Билим берүү сынагына дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн эң мыкты жаш биологдор, 14 жаштан 19 жашка чейинки 330 студент катышаары күтүлүүдө. Алардын теориялык жана тажрыйбалык билимдери 2 турда текшерилет. Тапшырмалар биология илиминин ар кандай тармактарын камтыйт. Алардын арасында: клеткалык жана молекулярдык биология, анатомия, адам жана жаныбарлар физиологиясы, генетика жана эволюция, экология жана башка көптөгөн тармактар ​​бар.

Гаждембек Турсынов, «Дарын» республикалык илимий-практикалык борборунун мүдүрү:
- Мындай иш-чараны өткөрүү өлкөнүн билим берүү тармагы үчүн сыймык жана жетишкендик. Тактап айтканда, Бириккен Араб Эмираттарында өткөн эл аралык биология олимпиадасына казакстандык 4 окуучу катышып, 2 күмүш, 2 коло медалга ээ болуп, 100 пайыздык көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн.

Уюштуруучулардын айтымында, биология боюнча эл аралык олимпиада окуучулардын интеллектуалдык жөндөмүн жана билимин дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө жол ачат. Бул масштабдуу билим берүү сынагынан өткөндөргө университетте акысыз билим алууга мүмкүндүк берүүчү грант ыйгарылат. Бул жаатта айта кетчү жагдай, казакстандык окуучулар салттуу эл аралык олимпиадада жалпысынан 90 медаль жеңип алышкан. Куржунда 2 алтын, 20 күмүш жана 54 коло медаль бар. Мындан тышкары ата мекендик студенттер 14 атайын дипломго ээ болушкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков