Казакстанда Алматы апортунун жыты бар атыр жасалды

Казакстанда Алматы апортунун жыты бар атыр жасалды

Казак окумуштуусу апорттун жыты бар парфюмерия иштеп чыкты. Алманын атактуу сортунун жытын жеткирүүчү атыр чыгаруу идеясы Гүлжан Түзелбаевага Францияда окуп жүргөндө келген. Автор атыр үчүн табигый ингредиенттерди гана колдонгон. Бул кедр жана сандал дарагынын майлары, аларга ваниль, апельсин, голбан кошулат жана, албетте, бышкан апорттун жытына басым жасалат. Чебердин айтымында, бир жыпар жытты чыгаруу үч жумага чейин созулат.

Гүлжан Түзелбаева, казакстандык парфюмер:
-Биздин менталитетти, биздин өзгөчөлүктөрүбүздү, биз эмнени жакшы көрөбүз, эмне бизге жакын экендигин билишибиз керек. Эмне үчүн апорт биздин элге келет? Себеби бул бизге жакын, бул биздин салтыбыз, бул биздин инсандыгыбыз.Мен өзүбүздүн жергиликтүү базар жөнүндө ойлонуп жаттым, бизге Казакстанда жакшы көргөн жаңы жыттар керек. Бизде парфюмерияда казак бренди жок болчу, эми бар. Мен аны өз атым менен атадым. Менин атымды да Гүлжан деп бекер койбосо керек.

Жаш илимпоздун жаңы эмгеги оң бааланууда. Гүлжандын кесиптештери атыр Казакстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да популярдуу болот деп ишенишет.

Фарида Сингирова, Алматы шаарынын тургуну:
-Мага аты абдан жакты. Алматынын апорту экени сапаттын белгиси. Чет өлкөдө бааланат, анткени чет жерде биздин апортту билишет. Дал ушул алматы менен апорт жытына дал келет.

Жаш чебер иштеп чыккан дагы бир атырда, алматылык розалардын жыты бар. Анын товарлар текчесинде 60ка жакын атыр, 50 шам жана 30 үй үчүн атыр жыттары бар. Жакында Гүлжан жеке ишкана ачып, ай сайын 10 миң даанага чейин өнүм чыгарууну пландап жатат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.