1,1 миллион гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

1,1 миллион гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

Жыл башынан бери 1 миллион жүз миң гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды. Мындай көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге көп. Бул тууралуу айыл чарба министри билдирди. Ербол Карашөкеев белгилегендей, акимчиликтин кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу менен жер тилкелерин өткөрүп берүү боюнча 74 факты аныкталган. Ошол эле учурда малды жаюу үчүн 16 миллион гектар жайыт жетишпейт. Бул жагдай өз кезегинде малдын санын азайтып, айылдагы социалдык нааразычылыктын өсүшүнө алып келет - деп кошумчалады мекеме башчысы.

Учурда комиссия тарабынан жерди пайдалануучуларга 724 пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Жалпы текшерүү аянты 2 миллион 94 миң гектарды түзүп, 48 арыз прокуратурада каттоо стадиясында турат. Эскерте кетсек, 2022-жылдын аягына чейин мамлекет колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен берилген 5 миллион гектарга чейин пайдаланылбаган айыл чарба жерлерин кайтарып берүүнү көздөөдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков