Казакстанда агротуризм модалуу трендке айланып келүүдө

Казакстанда агротуризм модалуу трендке айланып келүүдө

Казакстанда агротуризм мода трендине айланууда. Шаардын ызы-чуусунан алыс эс алууга, дыйкандардын жашоосуна, жергиликтүү каада-салттарга жана маданиятка болгон кызыгуунун аркасында эс алуунун бул түрү тездик менен өнүгүп жатат. Борбордон жүз чакырым алыстыкта жайгашкан чакан дыйкан чарбасында уй, эчки жана үй канаттуулары багылат. Ишкер өз ишин он жыл мурун баштаган. Бирок, өткөн жылы гана толук туристтик аймак болду. Бул жерге казакстандык коноктор да, чет элдик туристтер да күн сайын келишет. Алар экологиялык таза азыктарды сынап көрүп, чарбанын иши менен таанышат.


Лейла Семенова, ишкер:


- Туристтер бизге өздөрү келет. Көпчүлүк балдар уйду жылкыдан, койду эчкиден ажырата алышпайт. Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин. Ата-энелер балдарын үй жаныбарларын өз көзү менен көрсүн деп алып келишет.


- Катя шаарда чоңойгон бала. Ага мындай жерге келип,  улактарга жем-чөп бергени адаттан тыш көрүнүш. Караңыздар, ал кандай кубанып жүрөт! Мындай туризмдин түрүн өнүктүрүш керек деп эсептейм.

 

- Мен үчүн улактарды өз колум менен багуу укмуштуудай кызыктуу болду. Алар сүйкүмдүү жана түстөрү жагымдуу. Кечээ сыр жедик, сүт ичтик, каймак жедик. Баары абдан даамдуу болду, мага жакты.


Казакстанда агротуризм менен алектенүүнү каалагандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн горизонтторун кеңейтүү пландалууда. Мажилисте дыйкан чарбаларга өз жеринде бизнестин бул түрү менен алектенүүгө укук берген мыйзам долбоору каралууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков