Жалпы командалык эсеп 55-77 упай менен коноктордун пайдасына чечилди. Эске салсак, жергиликтүү оюнчулар шахмат мелдешинин чеберлери менен биринчи жолу дүйнөлүк таймашта ачык атаандаш болушту. Беттеш классикалык эмес тез ойнолгон рапид жана блиц форматында өттү. Атаандаштар биринчи этапта тең чыкканы менен, блиц боюнча дүйнөлүк команда жеңип чыкты. Белгилей кетсек, борбор калаада уюштурулган кыз-келиндердин командалык оюнунун жалпы байге фонду 50 миң долларды түздү.
Гүлмира Даулетова, Казакстандын шахмат боюнча курамасынын капитаны:
- Тилекке каршы, биз утулуп калдык. Бирок ага карабай биздин кыздар тажрыйба топтоп, жалпысынан дүйнөлүк команда менен кантип таймашууга болорун көрүштү. Биздин кыздар абдан таланттуу. Кийинки чоң мелдешибиз Алматыда кыз-келиндер жана эркектер арасында Азия чемпионаты өтөт. Ал жерде бизде чоң мүмкүнчүлүк бар. Биринчи орунду алган оюнчу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков