Казакстандагы жеке инвесторлордун баалуу кагаздар рыногуна болгон кызыгуусу өсүүдө. Мисалы, жыл башынан бери казакстандыктар биржаларда 23 миң эсеп ачышкан.
Серепчилердин пикиринде, суроо-талаптын өсүшү KASE жана AIX үлүштүк инструменттердин баасынын көтөрүлүшү менен коштолгон. Дал ушул кырдаалдан улам 2021-жылдын үчтүн айынан бери Казакстан фондулук биржасынын индекси 21% жогорулады. Ошентип, ал акырындап өзүнүн тарыхый максимумун жаңыртып турду.
Атап айтканда, дивиденддерди төлөө мезгилинин башталышы бул өсүштү басаңдатышы мүмкүн. Кирешеден тышкары, ликвиддүүлүктүн жакшырышы да байкалат. Ошентип, баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктын көлөмү рекорддук 43% жогорулады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков