Казакстан менен Ирландия авиация тармагында келишимге кол койду

Казакстан менен Ирландия авиация тармагында келишимге кол койду

Казакстан Ирландиянын авиация жаатындагы тажрыйбасын колдонот. Эки тараптын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, Ирландиянын аба жөнгө салуучу адистери казакстандык кесиптештерине европалык стандарттарды иштеп чыгууда жана киргизүүгө жардам беришет.

Буга кошумча, чет элдик адистер Казакстандын авиация инспекторлоруна техникалык кеңештерди беришет жана окуу лекцияларын жүргүзүшөт. Бул тууралуу Казакстандын авиация администрациясынын башчысы Питер Гриффитс билдирди. Анын айтымында, аталган макулдашууну ишке ашыруу Казакстандагы учуу коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, өлкөнүн жарандык авиация жаатындагы эң беделдүү жана эффективдүү эл аралык уюм ICAOнун талаптарына 80 пайыз жооп берет.

Питер Гриффитс, «Казакстандын авиациялык администрациясы» АКнын башкы мүдүрү;

- Биз Ирландиянын авиация бийлигин тандап алгандыгыбыздын себеби, алардын бул жаатта бай тажрыйбасы бар. Аларда ири оператор-авиакомпаниялар, ошондой эле, өз өлкөсүндө гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы ийгиликтүү иштеп жаткан лизингдик компаниялары жетиштүү. Аны менен катар, ICAOнун талаптарына шайкештик деңгээли эң жогору. Ошентип, биз Улут Планынын 68-кадамын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Британдык модель түзүлүшүнүн шайкештигин талап кылуу ишинде Ирландия - Британиялык моделдин негизинде иштеген, ошондой эле, Европа Биримдигинин мүчөсү жана бардык европалык стандарттарга жооп берген өлкө болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков