Парламент жаңы Конституцияга ылайык иштелип чыккан «Казакстан
Республикасынын Президенти жөнүндө» мыйзамды экинчи окууда кабыл алды.
Документте мамлекеттин бардык бутактарынын макулдашылган ишин камсыз кылуучу эң
жогорку кызмат адамы катары макамы бекитилген. Вице-президент институту да
киргизилди. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча вице-президентке Курултай,
Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө Президенттин
атынан чыгууга ыйгарым укуктар берилет.
Унзила Шапак, Парламент
Мажилисинин депутаты:
– Мыйзам долбоору 8 бөлүм жана 43
беренеден турат. Ал колдонуудагы Конституциялык Мыйзамда бекитилген укуктук
жөнгө салуунун фундаменталдык принциптеринин үзгүлтүксүздүгүн сактайт. Ошол эле
учурда мыйзам долбоору 2026-жылдагы Конституциянын жоболоруна ылайыкташтырылган.
Анда мамлекеттик бийликтин жаңы институттарын түзүүгө байланышкан жоболор да
камтылган. Мындан тышкары, мурда болгон жоболор олуттуу түрдө кайра каралып,
редакциялык жактан жакшыртылды.
Ошондой эле депутаттар «Курултай жана анын депутаттарынын макамы жөнүндө» конституциялык мыйзамды экинчи окууда кабыл алышты. Жаңы бир палаталуу парламент беш жылдык мөөнөткө шайланган 145 депутаттан турат. Документте Курултайдын ыйгарым укуктары, анын ичинде мыйзамдарды кабыл алуу, мамлекеттик органдарды түзүүгө катышуу, парламенттик көзөмөл механизмдерин ишке ашыруу белгиленген. Андан тышкары, бүгүн экинчи окууда Казакстан Республикасы, борбордун макамы, административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө конституциялык мыйзамдар, «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор да кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

