Казакстан
парламенти саясий сезонду жыйынтыктап, сегизинчи чакырылыштагы үчүнчү сессиянын
жыйынтыгын чыгарды. Депутаттар каникулга кетишти. Парламентарийлерди
дагы көп иш күтүп турат. Бул тууралуу Мажилистин спикери палаталардын
биргелешкен жыйынында билдирди. Ерлан Кошановдун айтымында, отчеттук мезгилде
депутаттар корпусу мамлекет башчысынын шайлоо алдындагы программасынын
алкагындагы мыйзам чыгаруу демилгелерин дээрлик толугу менен ишке ашырды.
Кезектеги сессиянын иши «күчтүү
президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү өкмөт»
формуласынын натыйжалуулугун далилдеди.
Ерлан Кошанов, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы:
- Биз
жарандардын талаптарынан жана өлкөнүн кызыкчылыктарынан келип чыккан мамлекет
башчысынын стратегиясын туруктуу карманабыз. Бул принцип биздин
иш-аракеттерибиздин логикасын так аныктап, бирдиктүү жаратмандык нукта
биригүүгө жардам берет. Мамлекет башчысы тарабынан ушул сессиянын башында
Казакстан элине жолдогон кайрылуусунда коюлган негизги милдеттер биздин
ишибизге интенсивдүү темп берди. Улуттук курултайдын стратегиялык идеялары
парламентти коомдун актуалдуу талаптарын ишке ашырууга багыттады. Бул сессияда
депутаттык корпус президенттин шайлоо алдындагы программасын мыйзам чыгаруу
демилгелеринин иш жүзүндө аткарды.
Жалпы сессиянын жүрүшүндө кыркка жакын пленардык жыйын өттү. Палаталардын кароосунда 158 мыйзам долбоору болгон, анын ичинен парламент 89ун, салык, бюджет жана суу кодекстерин кабыл алды. Социалдык колдоого, саламаттыкты сактоого жана сот системасынын реформаларына өзгөчө көңүл бурулду. Эми депутаттар аймактарда - шайлоочулар менен ишин жер-жерлерде улантат. Жаңы сезондо депутаттык корпустун алдында курулуш кодекси, укук бузуулардын алдын алуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамдар жана башкалар боюнча иштер турат.
Которгон: Назира Бегалиева

