Казакстанда улуттук геологиялык кызмат түзүп, инвесторлордун сапаттуу геологиялык маалыматка жетүүсүн камсыздоо зарыл. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. «Мекемелик уюмдардын негизинде түзүлгөн жаңы институт «жер казынасына кимди жана кантип жөнөтүү керектигин чечкен монополист болбошу керек. Анын ролу инвесторлорго комплекстүү сервистик колдоо көрсөтүүгө багытталышы кажет», - деди Мамлекет башчысы. Касым-Жомарт Токаевдин белгилеп көрсөткөнүндөй, учурда иштелип жаткан өнөр жай саясаты боюнча мыйзам долбоору кайра иштетүү тармагынын суроолоруна жооп берүүгө тийиш. Анын эрежелери жөнөкөй жана түшүнүктүү: ата мекендик өнөр жай үчүн чийки зат товарларынын баасы жеткиликтүү жана көлөмү жетиштүү болушу керек.
Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:
- Өлкөнүн ресурстук дарамети толук ачылбаганын, геологиялык жактан чалгындоонун деңгээли төмөн экенин эстен чыгарбоо зарыл. Инвесторлорго сапаттуу геологиялык маалыматтын болушун жогорулатуу керек. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө, өзгөчө геологиялык чалгындоодо жана жер казынасын комплекстүү изилдөө ишине жаңы өбөлгө керек. Улуттук пландын алкагында башталган реформалар аягына чыгышы кажет. Тактап айтканда, геологиялык маалыматтын ачык санарип маалыматтык базасын түзүү жана инвесторлорго жеткиликтүү кылуу зарыл. Жер казынасы - улуттун байлыгы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков