Мамлекет башчысы Astana Think Tank форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөдү

Астана дагы бир жолу эл аралык Ассоциациялардын баарлашуу аянтчасына айланды. Бул жерде дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн илимпоздор жана серепчилер чогулуп, азыркы Орто державалардын ролун жана таасирин талкуулоодо. Astana Think Tank форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн президент Касым-Жомарт Токаев ири державалар атаандашып, бир бүтүмгө келе албай жатканда, орто державалар көп учурда байланыштыруучу звено болорун белгиледи. Ошентип, алар глобалдык тилектештиктин бузулбасына салым кошушат. Ошол эле учурда Казакстан тынчтыкты сүйгөн позициясынан тайган жок. Мамлекет башчысы өлкө өзөктүк курал маселеси боюнча Иран менен келишим түзүү үчүн атайын аянтчаны, Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле Армения менен Азербайжандын ортосундагы жолугушууларды жакында эле сунуштаганын эске салды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз эл аралык системанын мүмкүн болушунча инклюзивдүү жана туруктуу болушун каалайбыз. Мамлекеттер чоң же кичине болуп бөлүнбөй, дүйнөнүн жакшырышына өз салымын кошууга жол бериши керек. Казакстан мындан ары да дүйнөлүк аренада активдүү роль ойноого даяр. Биз дипломатиянын, экономикалык кызматташтыктын жана көп тараптуу башкаруунун кесилишинде турабыз. Кесиптештер жана өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруу менен, биз келечектеги дүйнөнүн көрүнүшүн калыптандырууга катыша алабыз.


Мамлекет башчысы ошондой эле Орус-Украин чатагын чечүү маселеси боюнча өз пикирин билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жолдорун, Кытай жана Бразилия, анын ичинде бардык мамлекеттердин акылга сыярлык пландарын карап чыгууну колдойбуз. Башка жол жок. Болбосо, согуш эки тарапты тең жок кылат. Айрым дүйнөлүк күчтөр буга кызыкдар болушу мүмкүн. Бирок бул туңгуюкка алып бара турган жол. Конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка умтулуу алсыздыктын белгиси эмес, тескерисинче, стратегиялык кыраакылыкты көрсөтөт.


Касым-Жомарт Токаев форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Атап айтканда, Казакстандын региондогу ролу жана орто державалардын позицияларын натыйжалуу пайдалануу тууралуу ой бөлүштү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Менин оюмча, Борбор Азия дүйнө картасында барган сайын көрүнүктүү болуп баратат. Борбор Азиядагы кесиптештерим буга кошулат деп ишенем. Биз бул абдан маанилүү аймактын дараметин бекемдөө үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Бириккен Улуттар Уюмуна келсек, мен аны бекемдөө керек деп ишенем, анткени ал алмаштырылгыс.


Касым-Жомарт Токаев Казакстан үчүн алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн биринчи кезекте тынчтык жана өнүгүү маанилүү экенин баса белгиледи. Учурда республика кызматташууга ачык жана инвесторлорду чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков