Логистикалык хабдардан энергетика, айыл чарба, медицина, туризм жана IT тармактарындагы
жогорку технологиялык заводдорго чейин. Жаңыртылган башкы план боюнча
2035-жылга чейин Казакстандын борборунда 125тен ашык инвестициялык долбоорду
ишке ашыруу пландаштырылууда. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, жаңы ишканалар
индустриалдык зонанын өнүгүшүнө түрткү берип, Астананын экономикасынын реалдуу
секторунун үлүшүн көбөйтөт жана мегаполистин туруктуу жана технологиялык
келечегине карай кадам болуп калат. Негизги багыттарга келсек, транспорттун
жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн өлкөнүн башкы шаарында коомдук транспорт үчүн
230 чакырымдан ашык ылдам жүрүүчү каттамдарды куруу мерчемделүүдө. Жакынкы бир
нече жылда эле алгачкы 102 чакырым пайдаланууга берилет. Автобустарга жана
жеңил рельстүү транспортко (ЛРТ) артыкчылык берилет. Белгилей кетсек, учурда
шаардыктардын 40%га жакыны коомдук транспортту колдонушат, ал эми 2035-жылга
карата бул көрсөткүч 71%га чейин өсүшү керек.
Марат Садуов, «Астана башкы план» ЖЧКсынын башкы мүдүрүнүн орун басары:
- Бизде коомдук транспорттын алкагы
транспорт тынымсыз жүрүп, ылдамдыгы, ыңгайлуулугу боюнча биз көнүп
калган салттуу транспорт каражаттарынан, мисалы, автоунаалар, таксилер жана
башкалардан артыкчылыкка ээ болушуна багытталган. Жаңы башкы план боюнча
коомдук транспорт менен жүргөн шаар тургундарынын ыңгайлуулугу биз үчүн
ариыкчылык. Мындан тышкары, биз велосипед инфраструктурасы шаар үчүн абдан
маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Велосипед жолдорунун үзгүлтүксүз желелери
башкы планга ылайык кайра каралат.
Мындан тышкары, шаарда 750 жаңы короо жана коомдук жайлар түзүлөт. Алардын арасында «Мыңжылдык» сызыктуу паркы жана «Green Line» жөө жүргүнчүлөр бульвары бар. Жашылдандыруу аянты дагы көбөйтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

