Мамлекет башчысы «Казатомпром» УАК» ААК башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы «Казатомпром» УАК» ААК башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев «Казатомпром» улуттук атомдук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Меиржан Юсуповду кабыл алды. Меиржан Юсупов Президентке өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндады. Маселен, бүгүнкү күндө миң чарчы чакырымдан ашык аянтты ээлеген алты участокто геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө, алардын экөөсүндө изилдөөлөр ушул жылы башталган. Иштер компаниянын Казакстандын дүйнөлүк атомдук индустриядагы позициясын мындан ары да бекемдөө боюнча планынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анын үстүнө дүйнөдө урандын тартыштыгы күтүлүүдө. Буга жасалма интеллект технологияларынын активдүү өнүгүшү жана маалымат борборлору тарабынан энергияны керектөөнүн көбөйүшү, ошондой эле жаңы атомдук реакторлордун активдүү курулушу алып келүүдө. «Казатомпром» ошондой эле сейрек кездешүүчү жана сейрек жер металлдарын өндүрүүнү өнүктүрүүнү пландаштырууда. Белгилей кетсек, компаниянын рыноктук капиталдаштыруусу аяк оона айында тарыхый эң жогорку чекке жетип, 14 миллиард доллардан ашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков