Казакстандын президенти Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн негизги жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Европа Биримдиги менен көп кырдуу интеграцияны андан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент 10 жыл мурун кабыл алынган кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин эки тараптуу мамилелердеги маанилүү этап деп эсептейт. Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Биримдигинин ортосундагы активдүү жана конструктивдүү диалогду жогору баалады. Өз кезегинде Эдуардс Стипрайс Европа Биримдиги Казакстан менен кызматташууну андан ары тереңдетүүгө умтулаарын билдирип, эки тараптуу жана аймактык интеграциянын темпи мындан ары да жогорулай берерине ишеним билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

