К. Токаев Нигерия президенти менен жолугушту

К. Токаев Нигерия президенти менен жолугушту

Мамлекет башчысы «Абу Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгы» эл аралык саммитинин аянтчасында Нигериянын президенти менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Африка континентинин ири экономикасы болгон Нигерия менен көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз кезегинде Бола Ахмет Тинубу эки тараптуу мамилелерди жаңы жана сапаттуу деңгээлге көтөрүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин тастыктады. Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы интеграцияны өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Президент Нигерия башчысын Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков