Мамлекет башчысы балдарды коргоо эл аралык күнү менен
казакстандыктарды куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Инстаграмдагы баракчасында
жаш жарандардын укуктарын жана саламаттыгын коргоо, ошондой эле алардын
гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү – жалпы улуттук талап жана
конституциялык милдет экенин белгиледи. Президенттин айтымында, өсүп келе
жаткан муундун чоң потенциалы бар, муну казакстандык окуучулардын билим, спорт
жана чыгармачылыктагы ийгиликтери тастыктайт. Ошондой эле ал «Улуттук фонд –
балдарга» демилгесинин алкагында ар бир бала мамлекеттен колдоо алаарын эске
салды. Мындан тышкары, өлкөдө «Казакстандын балдары» концепциясы ишке
ашырылууда. Жалпысынан, жаш мекендештерди колдоо —
Адилеттүү жана Прогрессивдүү мамлекет катары Казакстандын ар дайым көңүл
борборунда болот.
Которгон: Назира
Бегалиева

