Казакстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө

Казакстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө

Борбор калаа Астанада ЭКСПО көргөзмөсүнүн башкы аянтынын аймагында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Анын айланасына этношаарча курулуп, майрамдык программалар өткөрүлдү. Артисттердин оюн-зоокторунан сырткары улуттук спорттук мелдештер болуп өттү.
Нооруз майрамы казакстандыктар жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген коноктор менен бирге белгиленет. Түштүк мегаполисте күн менен түндүн теңелүүсүн жана жаратылыштын ойгонушун майрамдоого даярдыктар көрүлүүдө. Ал тургай жаңы этношаарча курулуп, эки жүздөн ашык боз үй тигилди. Чет элдиктер улуттук тамак-аштардан даам татып, казак элинин тарыхы менен тааныша алышты. Бул жерде улуттук оюндар биринчи жолу элге сунушталды.

Максат Осмон, чабандес/Кыргызстан/

Аттарыбызды алып келдик. Биз жеңебиз деп үмүттөнөбүз. Албетте, атаандаштык жогору. Келгенибизге абдан кубанычтабыз, баары жакты. Майрам сонун, маанай жакшы. Ипподром абдан жакшы жабдылган, бул жерде өнөр көрсөтүү керемет.

Ал эми Кызылорда облусунда Нооруз майрамын белгилөө учурунда анын бет ачар аземи болуп өттү. Бул казактын байыртан бери сакталып келе жаткан салттарынын бири. Салтанаттуу иш-чарада бир учурда 85 баланын тушоосу кесилди.

Гүлжан Ахметова, шаар тургуну:

85 ымыркайдын арасында болгонубузга абдан ыраазыбыз. Улустун улуу күнүндө чогулуп жатканыбызга кубанычтабыз. Балабыз ошол улуулардын жолун жолдосо дейм.

Улустун улуу күнүндө Талдыкорганда казактын улуу акыны, ойчул Абай Кунанбай уулунун эстелиги ачылды. Шаардын Бикен Римова атындагы драма театрынын алдына 9 метр бийиктикте орнотулду. Мухтар Ауэзовдун "Абай" романы боюнча театрлаштырылган спектакль көрүүчүлөргө тартууланды. Салтанатка Кунанбай ажынын урпактары да катышты.

Кусман Берлешов, Кунанбай ажынын урпагы:

Абай атабыз айткан осуяттары, 45 кара сөз биздин жолубуз. Анын бизге берген багыты болуп саналат. Ошондуктан бул адамдын эстелигинин болушу биз үчүн өзгөчө. Жетису элине, урпактарына бата кылып тургандай.

Ошол эле учурда батыштагы Актөбө аймагында эски ыкма менен 200 литр Нооруз көжө даярдалды. Көжөнү жасоочулардын айтымында, ар бир адам анын даамын татып көрүшү керек, ошондо алдыдагы жыл ийгиликке жана бакубаттуулукка бай болот.

Баарыңыздарды эң сонун майрамыңыздар менен куттуктайм. Казакстаныбызга бакыт, ден соолук, бакубатчылык жана ачык асман каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков