Быйыл Казакстанда 130 млн түп дарак тигилет

Быйыл Казакстанда 130 млн түп дарак тигилет

Казакстанда быйыл 130 миллион түп дарак тигилет. Көчөттөр атайын лабораторияда өстүрүлөт. Адистердин айтымында, кичинекей өсүндүлөрдү тигүүдө эч нерсе жолтоо кылбаш керек. Бардыгы таза болууга тийиш. Ар бир өсүмдүк атайын аралашма бар пробиркага салынган. Мында алар жыл сайын даярдалат.

Татьяна Лимакина, Республикалык токой селекциялык-үрөнчүлүк борборунунун лаборанты:

- Кайсы бир компоненттин жетишсиздиги өсүмдүктө дароо көрүнөт. Жалбырактар саргарып же түшүп, өсүүсү токтоп калган учурлар болот. Ошондой эле алар өтө начар жана ичке болушу мүмкүн. Мен мында 8 жылдан бери иштейм, бардыгын жатка билем. Кандай зат кайсы компоненттен кийин берилет, кандай чөйрөгө канча миллиграмм керек айта алам.

Азыр мында болочок дарактар 14 миң идиште өстүрүлүп жатат. Андан соң бул көчөттөр полигонго көчүрүлөт. Мында алар бир жылдай сыналат, андан кийин Казакстандын токойлоруна жеткирилет.

Айта кетсек, адистер Бурабай улуттук паркында көк теректерди отургуза баштады.

Кайырбай Балтабаев, Бурайбай улуттук паркынын токойчусу:

- Быйыл Бурабай улуттук паркында көк теректи 65 гектар жерге тиктик. Үрөндү питомникте алып келебиз жана отургузабыз. Анан албетте кам көрөбүз.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев беш жыл аралыгында 2 миллиард бак-дарак тигүү тапшырмасын койгон. Бул максат үчүн республикалык казынадан 22 млрд, жергиликтүү бюджеттерден 60 млрд теңге бөлүү пландалып жатат. Быйыл жаздан бери 80 миллион даана дарак тигилди.