Маданий мурас, биологиялык ар түрдүүлүк жана технологиялык жетишкендиктер. Казакстан бул тууралуу бир гана Дубайдагы ЭКСПО көргөзмөсүндө айтып берүү менен чектелбейт.
Айта кетчү жагдай, бул Жакынкы Чыгышта өткөрүлүп жаткан биринчи ЭКСПО. Улуттук павильонго токтоло турган болсок, анын курулушу 100% га бүттү. Ал эң дымактуу павильондордун бири деп эсептелет. Анткени ага аймактан чоң аянт бөлүнүп берилген. Азыр ал жерде көргөзмө жабдууларын жана шаймандарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Көрктөндүрүү жана тестирлөө иштерин аяк оона айынын аягына чейин бүткөрүү мерчемделген.
Даулет Еркимбаев, АО «QazExpoCongress» УК башкармалыгы төрагасынын биринчи орун басары:
- Биздин павильон 3400 чарчы метр аянтты түзөт. Үч кабат. 4 зонага бөлүнгөн. Ал жерде биз өлкөнүн туризм дымагын жана инвестициялык дараметин көрсөтөбүз. Мазмундуу көрсөтүүдө, сөзсүз түрдө, учурда рынокто турган акыркы өнүккөн технологиялар колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков