Казакстан Ереван менен Бакунун ортосундагы тынчтык келишими боюнча
сүйлөшүүлөрдүн аякташын жана мамлекеттер аралык мамилелердин активдешүүсүн
колдойт. Бул иш-чара Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимин
түзүүгө, аймактын Казакстан жана Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын
активдүү өнүктүрүүгө, коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу
президент Касым-Жомарт Токаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоянды
кабыл алуу учурунда билдирди. Жолугушууда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык,
маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу байланыштарды илгерилетүү келечегин
талкууланды. Казакстандын президенти атамекендик бизнес Арменияга товар жөнөтүүнү
350 миллион долларга чейин көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

