2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта ЖККУга төрагалык кылуу Казакстанга өтөт. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, уюмдун алкагында өлкө жамааттык коопсуздук системасын мындан ары чыңдоого өз салымын кошууга даяр. Буга байланыштуу мамлекет башчысы ЖККУнун алдыдагы мезгилдеги ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир катар артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Ага ылайык, кызыктар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен коопсуздук жаатында кызматташуу артыкчылыктуу болуп саналат. Мында сөз БУУ, КМШ жана ШКУ жөнүндө болуп жатат. Казакстандын президенти аскердик кызматташуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү иштин экинчи маанилүү багыты деп атады. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ЖККУнун жамааттык күчтөрүн ыкчам жайгаштырууну камсыздоо үчүн ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Бул контингенттин тоскоолдуксуз
жана тынымсыз транзитине, аскердик авиациянын учууларына жана башка
аспектилерге тиешелүү. Ошондой эле, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер
кызматкерлерин жана аскердик-илимий дараметин даярдоо системасын өнүктүрүүнү
улантуу зарыл. Уюмдун тынчтык орнотуу дараметин ачууга өзгөчө басым жасоо
сунушталууда. Мында ЖККУнун башкы катчысынын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча
атайын өкүлүнүн ишмердүүлүгү негизги ролду ойнойт.
ЖККУнун ишиндеги дагы бир артыкчылыктуу багыт эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштө кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат. Мамлекет башчысынын айтымында, жамааттык коопсуздук тутумунун антитеррордук иш-чараларына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кызматташууну чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле, уюм маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүсү керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- ЖККУнун мейкиндигин бул
коркунучтуу заттын киришинен коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын
натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Иш тартибин бардык өзөктүү факторлорду, анын
ичинде синтетикалык баңгизатынын таралуу аятынын кеңейип кеткенин эске алуу
менен уюштуруу керек. Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш
жүргүзүүчү компетенттүү органдар жетекчилеринен түзүлгөн координациялык кеңеши
сыяктуу механизм маанилүү роль ойнойт.
Белгилей кетсек, сессия жыйынтыгында 15 документке кол коюлду. Анын ичинде ЖККУ декларациясы, уюмдун каатчылык кырдаалдарга реакция кылуусу жөнүндө чечим долбоору, Уюмдун бириктирилген басма сөз борбору боюнча жобо жана кийинки сессияны 2024-жылдын соңунда Астанада өткөрүү тууралуу протокол бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков