Референдум – улуттук дилогдун негизи

Референдум – улуттук дилогдун негизи

Өлкө Президенти өзүнүн кайрылуусунда АЭСти куруу маселесинде коомдук пикирдин маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи. Ошондуктан бүгүн, тогуздун айынын 6да өлкөдө анын курулушуна байланыштуу олуттуу чечим кабыл алуу үчүн жалпы элдик референдум өтүп жатат. Ата мекендик серепчилер бул чара масштабдуу улуттук диалог мүнөзүнө ээ болот деп ишенишет. Алардын баамында, референдум-бул домократиянын механизми. Ал аркылуу коомдук-саясий маданияттын пайдубалы түптөлөт. Башкача айтканда, эл өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Референдум-бул уникалдуу механизм.


Айдана Акесина, Президент алдындагы КСИИ бөлүмүнүн башкы серепчиси:


- Өткөн референдумду эстесек, добуш берүү укугун калктын 68% га жакыны пайдаланган. Бул коомдун жогорку жоопкерчилигинин белгиси. Башкача айтканда, жарандар өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда активдүү болушат. Референдумда стратегиялык маселе көтөрүлдү. Ал ар бир казакстандык үчүн келечек муунга, ошондой эле бул жолку экономикалык, экологиялык абалга байланыштуу маанилүү маселеге айланды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков