300 миң доллар «Өз бизнесиңди кур» кароо сынагынын сегизинчи байге фондун түздү. Кайрылуулар кабыл алына баштады! Ошентип, казакстандык жаңы иш баштап жаткан ишкерлер өз ишин өнүктүрүүгө кайтарымсыз түрдө 10 000ден тартып, 100 000 долларга чейинки грант ала алышат.
Бактысын сынап көргүсү келген жаштарга болгону өзүнүн долбоору жөнүндө бир мүнөттүк видеоролик тартып, соцтармактарга жарыялап жана кароо сынактын расмий сайтына катталуу керек. Бул ишти аяк оонанын 19-күнүнө чейин жасоо зарыл. Ал эми уюштуруучулар - «Саби» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү белгилегендей, жеңүүчүлөр акча каражаттарын толук кайтарымсыз түрдө алышат.
Алардын айтымында, бул жаш бизнесмендерге колдоо болот жана жаңы иште биринчи кадам жасоого жардам берет. 7 жыл ичинде меценаттар ушул сыяктуу 60 долбоорго жалпы 1,5 миллион долларлык грант беришкен. Учурда ал долбоорлор ар кыл тармактарда ишке ашырылып келет.