Казакстан токтоп калуу эмес, тез өнүгүү жолун тандайт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мындай пикири эл аралык саясат боюнча америкалык The National Interest журналында жарыяланган макаласында басылып чыкты. «Евразиядагы туруксуздук Казакстандын алдыга жылуусуна тоскоол боло албайт деген тема менен жарык көрдү. Макалада казак элинин алдында турган милдеттер, масштабдуу реформалар тууралуу айтылат. Маселен, Казакстан «супер президенттик системадан нормативдик президенттик башкарууга өттү» деп . Ошондой эле, Президент Казакстан үчүн эң оор сокку «январь окуясы» болгонун айтып, окуядан алган сабактары менен бөлүштү. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Европа жана АКШ менен ортодогу 30 жылдык достук ошондой эле, кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков