Казакстанда пахтанын жаңы сорту чыгарылды

Казакстанда пахтанын жаңы сорту чыгарылды

Казакстанда пахтанын жаңы сорту чыгарылды. Азыр сыноонун акыркы этабы аяктоого жакын. Окумуштуулардын айтымында, «Мактаарал-5030» деп аталган пахтанын өндүрүмдүүлүгү жогору жана эң башкысы - унаа менен жыйноого ылайыкташтырылган. Бул ири айыл чарба өндүрүшүндө абдан маанилүү.


Амандык Костаков, Пахта чарбачылыгы жана бакча чарбачылыгынын тажрыйбалык айыл чарба станциясынын башчысы:


- Бул сорттун негизинде буланын сапаты дүйнөлүк талаптарга жооп берген, өнүмдүүлүгү салттуу технология этабында 43-45 центнер гектарынан өнүм алууга шарт түзгөн келечектен көптү үмүттөндүргөн сорт деп эсептейбиз.


Окумуштуулардын айтымында, «Мактаарал-5030» сорту пахта сегментинде өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу менен гана эмес, туруктуулугу менен да маанилүү орунга ээ. Казакстандык окумуштуулардын иштеп чыгуусу пахтанын кооптуу илдтине чалдыкпайт. Бул, өзгөчө, климаттын өзгөрүшү жана фитосанитардык тобокелдиктерди төмөндөтүү зарылчылыгы шартында актуалдуу. Айыл чарбасынын учурдагы сезонунда жаңы сорт патент алат деп күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков