Атактуу Илон Маск Байкоңурга келиши мүмкүн. Ойлоп табуучуну космодромго Ричард Брэнсон менен Жефф Безос сыяктуу белгилүү инсандар менен бирге «Роскосмос» мекемеси чакырган. «Үч улуу космос ышкыбозу биздин долбоорго Байкоңур түрүндө күбө болсо жакшы болмок», - деди Дмитрий Рогозин орусиялык телеканалга берген маегинде. Эгерде алар сунушту кабыл алса, анда атайын экипаж менен «Союз МС-19» кемесин учуруу салтанатына катышат. Белгилей кетсек, тогуздун айынын 5и күнү абага көтөрүлө турган экипаж орбитада көркөм тасма тартат. «Чакырык» аттуу тасма орусиялык «Роскосмос» компаниясы менен орусиялык телеканалдын биргелешкен агартуучулук долбоору. Космос темасындагы фильмде башкы ролду Юлия Пересильд ойнойт. Актриса менен бирге орбитага кеменин командири, орусиялык космонавт Антон Шкаплеров, режиссер жана оператор Клим Шипенко көтөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков