Бул өткөн жылга
салыштырмалуу 5,2%га көп, деп билдирет
finprom.kz. Өз ара сооданын көлөмүнүн басымдуу бөлүгүн Казакстандан жеткирилген
товарлар түзөт. Жыл башынан бери экспорттун көлөмү 821 миллион долларга,
импорттун көлөмү АКШ валютасында 249 миллион долларга өскөн. Быйылкы жылдын
биринчи кварталында Казакстандан Өзбекстанга буудай жана меслин, ошондой эле жер семирткичтер, дат баспаган болоттон
жасалган прокат, буудай уну, май жеткирилди. Ал эми коңшу өлкөдөн трикотаж
буюмдары, автоунаалардын тетиктери, муздаткычтар жана тоңдургучтар алынып
келинген. Өзбекстандан Казакстанга түз инвестициянын жалпы агымына келсек,
2022-жылы ал 42 миллион доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков