Элет жериндеги ишкерлердин 39 пайызын аялдар түзөт. Аларда 10 миңге жакын адамды жумуш менен камсыздоодо. Бул тууралуу айылдагы аялдар арасында ишкерликти өнүктүрүү боюнча социалдык долбоордун уюштуруучулары билдирди. Быйыл демөөрчүлөр дагы 30 грант бөлүүнү пландап жатышат. Мыкты бизнес долбоорлордун ээлери 2000 доллардан 4000 долларга чейин кайтарымсыз грант алышат. Бул үчүн сынакка деталдуу бизнес план тапшыруу зарыл. Ошондой эле, бул жылы гранттар аялдарга гана эмес, 18 жаштан 30 жаш аралыгындагы жаштарга да берилет.
Майра Айсина, Казакстандын элет айымдары форумунун уюштуруу комитетинин төрайымы:
– Мамлекеттик эмес 2 кичи коомдук уюм жасап келе жаткан иш. Ошондуктан, биздин азыркы милдет – бул ишти мамлекеттик органдардын кулагына жеткирүү. Алар көрүп келе жатышат. Ошондуктан биздин сунуштарыбызга кулак түрүп келе жатат. Ишибиз бир жерден чыкса, биз элет айымдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланабыз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков