Казакстандын Өнүктүрүү банкы экспортчуларга каржылык колдоо катары 34 миллиард теңге бөлөт. Жыл аягына чейин каражат бөлүү пландалууда. Ишкерлер «Нурлу Жол» мамлекеттик программасынын алкагында, ошондой эле капитал рыногунан түз банктык насыя алуу менен жөнөкөйлөтүлгөн каржылоого шарт түзүшөт. Ар бир экспортчу ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө карабастан насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Насыянын минималдуу суммасы 1 миллиард теңге болот деп болжолдонууда. Ишкерлер каражатты чийки затты жана материалдарды сатып алууга, ошондой эле экспортко продукция өндүрүүгө байланышкан чыгымдарды төлөөгө пайдалана алышат. Белгилей кетсек, кошумча каржылоонун аркасында ишканалар өз бизнесин тегеретип, өнөктөштөрдүн пулун кеңейтип, кирешени көбөйтө алышат. 2021-жылы гана Нурлу жол программасынын алкагында банк 15 экспортчуга 136 миллиард теңгелик колдоо көрсөткөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков