Казакстан уран өндүрүү боюнча лидерлердин катарында

Казакстан уран өндүрүү боюнча лидерлердин катарында

Казакстан дүйнөлүк атом рыногунда маанилүү роль ойнойт. Республика - уран өндүрүү боюнча лидер. Жыл сайын өлкөдө 20 миң тонна чийки зат өндүрүлөт. Бул дүйнөлүк экспорттун 40% түзөт. Быйылкы жылдын 9 айында уран өндүрүү көлөмү 15 миң тоннадан ашты. Казакстан бүгүнкү күндө аны ондогон чет өлкөгө, анын ичинде Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Америка мамлекеттерине жеткирет. Бул тууралуу Казатом өнөр жайынын башчысы Меиржан Юсупов билдирди. Алсак, өткөн жылы уран өнүмүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 24 кардар сатып алган. Келечекте уран сатуу көлөмү боюнча динамиканы сактоо пландаштырылууда.

Меиржан Юсупов, «Казатомпром» Улуттук атом компаниясынын АК башкармалыгынын төрагасы:
- Быйыл материалдарга жетүүдө кыйынчылыктар жаралгандыктан өндүрүштүн бир аз төмөндөгөнү байкалды. Биздин чийки затта күкүрт кычкылы бар. Анын үстүнө кээ бир материалдарды жеткирүүдө айрым кыйынчылыктар болду. Бирок 2023-жылга карата планыбыз өзгөрбөйт. Ушул кезге чейин пландаган көлөмдү жыл аягына чейин аткарабыз.

Казакстан бул тармакты мындан ары да өнүктүрүүнү көздөйт. "Самрук-Казына" Башкармалыгынын Төрагасы Нурлан Жакупов Казакстандын дүйнөдөгү энергоресурстарды ири экспорттоочу өлкөгө айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Анын үстүнө, Бүткүл дүйнөлүк ядролук ассоциациянын маалыматы боюнча, атомдук станциялар үчүн өндүрүлүүчү уранга деген суроо-талап 2030-жылга чейин 27 пайызга өсөт. Анткени дүйнөдө глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу үчүн көмүртеги бар энергетикадан баш тартуу күч алды.

Нурлан Жакупов, «Самрук-Казына»АК башкармалыгынын төрагасы:
- Азыркы учурда Казакстан уран өндүрүү жана атом электр станциялары үчүн ядролук отун өндүрүү – отун чогултуу сыяктуу эки багытта иш алып барат. Бизде жаңы кендерди чалгындоо, пайдаланууга берүү жана жаңы корлорду ачуу үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр бар. Экинчи жагынан, бизде уранды жер астынан эритүү ыкмасы менен казып алууда дүйнөдөгү эң мыкты тажрыйба бар деп ойлойм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков