Казакстан менен эски континенттин өлкөлөрү соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Анын дарамети «Казакстан – Европа Биримдиги» диалогдук платформасынын 15-жыйынында талкууланды. Логистиканын келечегине да өзгөчө көңүл бурулат. Ошону менен бирге тараптар Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын биргелешип өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Казакстан эки континентти бириктирген ортоңку коридордун өтө маанилүү түйүнү. Өлкө өз ара сооданын агымы үчүн эң ыңгайлуу шарттарды сунуштайт. Мисалы, аймак аркылуу жүк жеткирүү атаандаштыкка жөндөмдүү. Эки ортодогу ташуу 12-15 күндүн ичинде жүзөгө ашат.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
-Европа Биримдиги Казакстандын эң ири жана эң маанилүү
инвестициялык соода өнөктөшү болуп саналат. Ал инвестициянын 40%дан ашыгын жана
тышкы сооданын 30%ке жакынын түзөт. Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик
хаб деп эсептелген Казакстан дүйнөнүн эң чоң базарларына жол ачат. Бүгүнкү
күндө Кытайдан Европага товардын 85%га жакыны биздин өлкө аркылуу ташылат.
Жалпысынан биз ортоңку коридордун мындан аркы өнүгүү дараметине кызыкдарбыз
жана Европа өлкөлөрү менен логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө ниеттенип
жатабыз.
Бул жаатта Казакстан менен ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү акыркы 5 жылда 36%дан ашык өскөнүн белгилей кетүү керек. Экспорттун көлөмү да көбөйгөн. Дарамет бар. Быйылкы жылы 5 айдын ичинде эле өз ара соода дээрлик 16% өстү. Ошондой эле өткөн жылы экономикага эски континенттен 10 жарым миллиард доллар инвестиция тартылса, быйылкы жылдын биринчи кварталында 2,8 миллиард доллар инвестиция тартылды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков